
«Билек» коомдук фонду
Миссия
- Баткен облусунун жамааттык уюмдарын жана жаштар демилгелерин колдоо ;
- Жарандык коомду куруу жана туруктуу өнүгүүгө жетишүү максатына коомчулуктун, эл аралык жана жергиликтүү уюмдардын көңүлүн буруу жана мамлекеттик, эл аралык жана башка мекеме, уюмдарга тиешелүү сунуштарды иштеп чыгып сунуштоо;
- Баткен облусунун экологиялык көйгөйлөрүн чечүү жана коомчулуктун экологиялык аң-сезимин жогорулатуу.
Ишмердүүлүктүн негизги багыттары
- Баткен облусунун жашоочулары үчүн зарыл болгон кеңеш берүүлөрдү уюштуруу - ишкер жана дыйкан- фермерлерге;
- Баткен облусунун экологиялык көйгөйлөрүн чечүү ;
- Гуманитардык жана башка жардамдарды бөлүштүрүү аркылуу калктын өзгөчө муктаж болгон катмарларына жардам көрсөтүү;
- Жаратылыш ресурстары менен байланышкан чыр-чатактарды чечүү.