Баткен облуснун аймагында туруктуу өнүгүүгө көмөктөшүү багытында  аткарылган долбоорлордун интерактивдүү картасы  (веб-сайт) «Полис Азия» Аналитикалык борбору тарабынан коммерциалык эмес, ачык «Open street map» платформасынын негизинде, БУУнун Өнүгүү Программасынын каржылоосу астында жасалды.

Интерактивдүү картанын негизги максаты  - Баткен облусунун аймагында өнүгүү багытында иш алып барып жаткан уюмдардын ( эл аралык жана жергиликтүү коммерциалык эмес уюмдардын) ишмердүүлүгү боюнча маалыматты системалаштыруу. Ишке ашып жаткан долбоорлордун бири-бирин кайталоонун алдын алууга, мониторинг жана баалоо системасын күчүтүүгө көмөктөшүү. Карта КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына өнүгүү багытында иш алып барган донордук жана өнөктөш уюмдар менен иштөөгө практикалык жардам берүү максатында жасалды.

Андан сырткары сайт жаңы гранттарды тартууга көмөктөшүү максатында жергиликтүү коммерциялык эмес уюмдарга өз ишмердүүлүгү жөнүндө маалыматтарды жайгаштырууга мүмкүнчүлүк берет.

Интерактивдүү картада Баткен облусунун аймагында өнүгүү багытында иш алып барып жаткан уюмдардын 2015-2017 жж. ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат камтылган.

Картада жайгаштырылган иллюстративдик жана башка маалыматтар Бириккен Улуттар Уюмунун, БУУнун Өнүгүү Программасынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн көз карашын чагылдырбайт. Картада колдонулган графика, сүрөттөр, иллюстрация жана белгилер кайсыл бир өлкөнүн, аймактардын же райондордун  чек-араларынын жана аталыштарынын  укуктук статусу боюнча ойду чагылдырбайт.

Картаны кандай колдонуу керек?

Эгер сиз Баткен облусунун аймагында өнүгүү багытында иш алып барып жаткан уюмду издесеңиз, аны табуунун бир нече ыкмасы бар:

  1. Сиз картанын навигациялык функциясын иштетсеңиз болот - сизди кызыктырган аймакты чоңойтсоңуз, ал аймакта иш алып барып жаткан уюмдар чыгат.
  2. Издөө функциясы аркылуу административдик- аймактык структура менен издеп тапсаңыз болот ( Баткен облусунун район, шаарлары боюнча).
  3. Тизмек функция  сизге Баткен облусунун аймагында өнүгүү багытында иш алып барып жаткан уюмдардын толук тизмесин чагылдырат, ал жерден сиз уюмдардын укуктук формасы боюнча ( Коомдук фонд, Коомдук бирикме, Юридикалык жактардын Ассоциациясы, Мекеме, Эл аралык уюм)  фильтирлеп тапсаңыз болот.