«ЛАРК- Кадамжай» коомдук фонду

«ЛАРК- Кадамжай» коомдук фонду


Миссия

- жарандарга жана уюмдарга сапаттуу жана объективдүү укуктук жардам берүү менен бирге чечим кабыл алуучу тараптардын жана профессионалдуу юристердин мыйзамды так жана бейтарап колдонуусуна көмөктөшүү;

- укуктук көйгөйлөрдү чечүү, чечим кабыл алуучу тараптарга тиги же бул укутук көйгөйлөрдүн категориясын чечүү тартиби жана шарты боюнча түшүндүрмөлөрдү берүү, укук-ченемдик актылар боюнча укуктук маалымат берүү,окутуу семинарларын уюштуруу аркылуу мамлекеттик түзүмдөргө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына таасир этүү;

- жарандардын жана уюмдардын кызыкчылыктарын сотто жана башка түзүмдөрдө камсыз кылуу аркылуу коргоо;

- белгиленген тартипте мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүнө жана мыйзам долбоорлорун коомдук экспертизадан өткөрүүгө катышуу;

- жигердүү мыйзам чыгаруучу, укук коргоочу, укуктук билим берүүчү жана маалыматтык ишмердүүлүк аркылуу укуктук реформага көмөктөшүү;

- калктын укуктук маданиятын жогорулатууга, жалпы жана кесиптик билим берүү окуу жайларында билим берүү процессин жакшыртууга көмөктөшүү.

Ишмердүүлүктүн негизги багыттары
  • Калктын укуктук маданиятын көтөрүү.
  • Укук коргоо
Негизделген жылы
2009

Байланышуу

Дареги:
Кадамжай ш., А.Жалилова көч., 3-28
Байланыш адамы:
Тешебаева Матлуба
Телефондор:
(+996771)755383


Галерея