ПРООНдун «Туруктуу тынчтык жана өнүгүүгө жетишүү үчүн чек аралар аралык кызматташтык»«Укук коргоо органдары менен калктын ортосунда диалогду өнүктүрүү боюнча консультациялык кызматтар»

Долбоордун таржымалы, максаты жана милдеттери

Долбоордун максаты:

Диалог жана коммуникация (адам укуктары жана гендердик теңчиликти кошо) жаатында жергиликтүү активисттердин (пилоттук кластердеги аялдарды жана жаштарды кошо), Баткен облусунун Ички иштер Башкармалыгынын кызматкерлеринин, Баткен облусунун Мамлекеттик чек ара кызматынын өкүлдөрүнүн, ЖӨБОнун өкүлдөрүнүн потенциалын жогорулатуу, ошондой эле укук коргоо органдарынын ролу жана кызматы жөнүндө ЖӨБОнун маалымдуулугун жогорулатуу жана маалымат алмашуусун жакшыртуу.   

 

Долбоорду ишке ашыруу мезгили
01/2015 - 08/2017
Донорлор
Долбоордун бюджети
60755$
Инфраструктуралык долбоорлор
Долбоор камтыган аймактар
Баткен району:
Төрт-Гүл айыл аймагы
Лейлек району:
Джаны-Джерский аильный округ

Долбоордон пайда алуучулар
Мужчин: 889
Женщин: 411
Молодежь: 704

Жыйынтыктар
  • Коомдун коопсуздугуна байланыштуу көйгөйлөрдү чечүүнү биргеликте талкуулого мүмүкүнчүлүк түзүү үчүн, укук коргоо органдарынын калк менен коммуникациясын жөнгө салуу боюнча катышуучуларга тиешелуу билимдерди жана көндүмдү беруу максатында, "Чек арадагы жамааттарда баарлашуу жана коммуникация", "Коомчулук менен эффективдуу коммуникация жана кызматташуу", "Маалыматты таратууда чыр чатакка карата сезгичтик " темаларында ЖӨБО өкүлдөрү, чек арачылар, укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана жамааттын активдуу болугуно тренингтерди өткөзүү үчүн окуу программалары иштелип чыкты.
  • КР нын Мамлекеттик Чек ара кызматынын Баткен облустук башкармалыгынын аткарган милдеттери жана фунциялары, чек-ара аймактарындагы кырдаал,  мамлекеттик чек араны жөнгө салуучу нормативдик укуктук актылардын мазмуну тууралуу ЖӨБО жана чек ара аймактарында жашаган жергиликтүү калктын ( 300 дөн ашык адамдын) маалымдуулугу жогорулатылды. 
  • Чек ара аймактарында жашаган калктын жана ЖӨБО кызматкерлеринин (300 дөн ашык адамдын) укук коргоо органдарынын функциясы жана аткарган милдеттери, ошондой эле чек ара аймактарындагы укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнүн өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымдуулугу жогорулатылды.
  • Повышен уровень осведомленности органов МСУ и местного населения  приграничных сообществ  (более 200 чел) о предназначении, роли и функции института Омбудсмена, его полномочиях и выполняемых задачах. До сведения органов МСУ и местного населения доведен порядк подачи жалоб и предложений в институт Омбудсмена КР.
  • Чек ара аймактарында жашаган калктын жана ЖӨБО кызматкерлеринин (200 дөн ашык адамдын)  Омбудсмен институтунун ролу жана функциясы, ыйгарымдуу укугу жана аткарган милдеттери, ошондой эле Омбудсмен институтуна  арыз, даттануулар менен кайрылуу тартиби боюнча маалымдуулуулугу жогорулатылды.

 


Башка долбоорлор
UNWoman менен биргеликте «Тынчтыкты бекемдөө үчүн тарапкерлердин чөйрөсүн жана өбөлгөлөрүн түзүү» программасынын алкагында, чыр чатакты трансформациялоо үчүн кызматташтык.
Баткен областынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чыр- чатактарды транформациялоо боюнча дараметин арттыруу
Баткен облусунун чек ара аймактарында тынчтыкты куруу жана чыр чатактарды ортомчулук аркылуу чечүү
Бириккен Улуттар Уюмунун качкындар боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгы (БУУ КЖКБ) менен биргеликте «Элдин, жамааттардын жана бийликтин ортосундагы ишенимди, карым-катнашты бекемдөө» долбоору
ЮНФПА менен өнөктөштүкө «Кыргызстанда этностор аралык тынчтыкты куруу максатында көп секторлуу кызматташтык»
Жаштарды тынчтык демилгелерине тартуу
«Коомдук алдын алуу борборлорунун (КААБ) ишмердүүлүгү аркылуу кылмыштуулукту алдын-алууну жакшыртуу»
«Баткен облусунундагы чыр чатактарды чечүү үчүн чек ара аймактарында тынчтыкты куруу» Фаза 2
«Кыргыз Республикасынын жамааттарында өнөктөштүк менен кызматташытыкты өнүктүрүү » Safer World менен оноктоштукто
SaferWorld менен өнөктөштүктө «Жаш элчилер жана этностор аралык кызматташтык укук бузуулардын профилактикасында »
ПРООНдун «Туруктуу тынчтыкты куруу учун чек аралар аралык кызматташтык» программасынын жаштар компоненти