«Кызыл-Кия шаарында үйсүздөр үчүн баш калкалоочу жай»

Долбоордун таржымалы, максаты жана милдеттери

Кызыл-Кия шаарында үйсүздөр үчүн баш калкалоочу жайды түзүү жана ал жерде аярлуу топторго социалдык, юридикалык жардам берүүнү уюштуруу.

Долбоорду ишке ашыруу мезгили
01/2016 - 12/2017
Жетектөөчү уюм
Долбоордун бюджети
6617$
Инфраструктуралык долбоорлор
Долбоордон пайда алуучулар
Мужчин: 54
Женщин: 26

Жыйынтыктар

Кызыл Кыя шаарынын мэриясы менен биргеликте Баткен облусунда жападан жалгыз, уйсуз адамдар жана  жашоонун оор кырдаалына туш болгондорго жардам беруу учун баш калкалоо жайы түзүлдү.

Баш калкалоо жайында уйсуздор жана жашоонун оор кырдаалына чалдыккандар үчүн төмөнкүлөр сунушталат:

  • кабыл алуу шарттары жонундо инструктаж ( келишимге кол кою ж.б.).
  • тез арада душта санитардык тазалоо, гигиеналык каражаттарды, керектуу кийим кечек жана уктоого керектүү каражаттар берилет.
  • Бир маал ыссык кечки тамак, дайыма чай.
  • Бул жайда 1 айдан 1 жылга чейин жашоо мумкундук берилет.

Медициналык кызматтар:

  • Кабыл алынгандар кийин 3 кунундун ичинде  УМБда бекер медициналык  кароодон өткөрүү (анализдер, флюорография, терапевт);
  • Оорууп калган учурда УМБна  кайрылуу.

Укуктук консультация жана жардам беруу учурлар:

  • Өздүгүн тастыктоочу жана башка керектүү документтер жок болсо (майыптыгын тастыктоо): аныктамаларды чогултуу, жетпеген документтерди тиешелуу органдардан талап кылуу, чогулган документтерди паспорттук-виза бөлүмүнө, МСЭК, ШИИБ  тапшыруу иштери жүргүзүлөт;
  • Эгерде өздүгүн тастыктаган докуметтери таптакыр жок болсо, биз ШИИБ менен чогуу иштеп, алардын өздүгүн тастыктоо үчүн жакын туугандарын жана тааныштарын издештиребиз.