БатМУ нун 300 дон ашык студенттери акция жана жөө жүрүшкө катышышты, андан кийин драмтеатрдагы этно-форумга кошулушту. Акциянын урааны: «Уй бүлөлүк зордук зомбулукка жол жок!», «Ынтымак бар жерде ырыс, береке бар!», «Биргеликте аялдарга болгон зомбулукту токтотобуз!», «Уйуң тынч-аалам тынч!».
7 аялдар тобу өздөрүнүн этно стилдеги көркөм өнөр чыгармачылыгын көргөзүштү. Эң мыктылары демөөчүлөрдөн белектерди алышты.