«Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары жөнүндө БУУнун конвенциясын ратификациялоону алдыга жылдыруу»

Долбоордун таржымалы, максаты жана милдеттери

Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары жөнүндө БУУнун конвенциясын ратификациялоону эдвокаси- кампания аркылуу алдыга жылдыруу.

Долбоорду ишке ашыруу мезгили
01/2015 - 01/2016
Долбоордун бюджети
26750$
Инфраструктуралык долбоорлор
Жыйынтыктар
  • Долбоордун алкагында мүмкүнчүлүгү чектелген 98 адам, Баткен, Ысык-Көл жана Чүй облустарынын аймактык мобилизациялык  жолугушууларына катышты.
  • Улуттук денгээлдеги тегерек столдорго 82 катышуучу катышты, алардын ичинен Жогорку Кенештин 4 депутаты жана 1 вице-премьер-министр.
  • Улуттук Форумга 70 катышуучу катышты, алардын ичинен Жогорку Кенештин 4 депутаты, 1-министринин орун басары, Бишкек шаарынын бир вице-мэри, Акыйкатчынын өкүлдөрү. Башка катышуучулар - мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, алар өздөрүнүн жетишкендиктери жана күнүмдүк жашоосундагы кыйынчылыктар тууралуу айтып берүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Бардык катышуучулар Конвенциянын тез арада ратификацияланышына тилектеш экендигин билдирип Форумдун Резолюциясына кол коюшту.