«Чек-арадан өтүүчү Козу-Баглан дарыя суу бассейининин алкагында коомчулуктун катышуусуна негизделген табигый кырсыктарга туруктуулукту жогорулатуу» . ДИПЕКО
Долбоордун таржымалы, максаты жана милдеттери
Долбоордун максаты:
Сендай структурасынын приоритеттерине ылайык Кыргызстан жана Тажикистандын чекарасында жайгашкан Козу-Баглан дарыя суу бассейини камтыган өрөөндөрдө табигый кырсыктардын кесепеттерин азайтууну жөнгө салууда жергиликтүү иш аракеттерин колдоо болот.
Долбоорду ишке ашыруу мезгили
02/2016 - 05/2017
Жетектөөчү уюм
Долбоордун бюджети
Көрсөтүлгөн эмес
Инфраструктуралык долбоорлор
Долбоор камтыган аймактар
Лейлек району:
Лейлекский аильный округ
Жыйынтыктар
- Жергиликтуу жамааттарда ыктыярдуу куткаруу топтору түзүлгөн жана окутулган;
- Айылдарда өзгөчө кырдаалдарга маани берүү жана даярдануу пландары, тобокелчилик карталары иштеп чыгылган;
- Жергиликтүү жамааттарда жана мектептерде бөөдө кырсыктарга каршы күрөшүү боюнча машыгуулар (симуляциялар) аткарылган, эвакуация пландары түзүлгөн;
- Өзгөчө кырдаалдар учурунда биринчи жардам көрсөтүү, сейсмикалык туруктуу курулуштар жөнүндө жана ыктыярдуу өрт-куткаруу топторун даярдоо программаларынын негизинде тренингдер өткөрүлгөн;
- Айыл жашоочуларынын өзгөчө кырдаалдар жөнүндө маалыматтуулугу жогорулаган (жергиликтүү жашоочулардын арасында өзгөчө кырдаалдар боюнча маалыматтык материалдар таратылган, брошюралар иштеп чыгылган, массалык маалымат каражаттарында жарык көргөн жана телекөрсөтүүлөр берилген;
- Митигациялык (практикалык) жана өз алдынча долбоорлор уюштурулган;
- Өзгөчө кырдаалдар боюнча КРнын ӨКМ жана ТР ӨКК ортосунда трансчекара окутуулары өткөрүлгөн ж.б. жумуштар.