Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму  (БУУ ФАО)

Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (БУУ ФАО)


Миссия

Баары үчүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо ФАОнун негизги тапшырмаларынын бири болуп эсептелет. Тагыраак айтканда, активдүү жана сергек жашоо үчүн зарыл болгон жогорку сапаттагы тамакка туруктуу жеткиликтүүлүктү кепилдейт.

ФАО көздөгөн негизги үч максаттар төмөнкүлөр: ачарчылыкты, азык-түлүк коопсуздугун жана чала тоюуну жок кылуу; жакырчылыкты жоюу жана баары үчүн экономикалык-социалдык өнүгүүгө дем берүү, ошондой эле азыркы жана келечек муундардын жыргалы үчүн жерди, сууну, абаны, климатты жана генетикалык ресурстарды туруктуу башкаруу жана колдонуу.

1993-жылы Кыргызстан ФАОго мүчө болгондон бери өнөктөш мамилелер сакталып келүүдө. Биринчи жолу ФАОнун бөлүмү өлкөдө 2009-жылы ачылган. 2012-жылы ал кеңейтилип, 2014-жылы ФАОнун Кыргыз Республикасындагы Өкүлү дайындалган. ФАО жүргүзгөн техникалык экспертиза айыл чарба тармагын, анын ичинде өсүмдүк өстүрүүчүлүк, мал жана балык чарбачылыгы жаатындагы долбоорлорду камтыйт. Ошондой эле климат өзгөрүп жаткан шарттарда жер жана токой ресурстарын үнөмдүү пайдалануу бөлүгүндө колдоо көрсөтүп келет.

Кыргызстанга жардам ФАОнун 2015-2017-жылдарга Өлкөлүк программаларынын механизминин (ӨПМ) алкагында уюштурулат. Ал төрт артыкчылыктуу багыт боюнча иш алып барат:­

  • Туруктуу азык-түлүк коопсуздугуна жетүү жана тамактанууну жакшыртуу боюнча иш-чараларды баалоо, пландоо жана ишке ашыруу жаатындагы потенциалды өркүндөтүү­
  • Жаратылыш ресурстарын үнөмдүү пайдалануу максатында кесипкөй жана институционалдык потенциалды, ченемдик укуктук базасын жана колдоо кызматтарын бекемдөө. Бул болсо айыл чарбанын өндүрүмдүүлүгүнүн өсүшүн камсыздоо, эффективдүү инклюзивдүү өндүрүштүк-тиричилик айыл чарба чынжырын түзүү жана балык чарбасы менен малчылык тармактарына басым жасоо менен, элет аймактарынын жашоочуларынын кирешелерин жогорулатуу үчүн жасалат
  • Элет калкынын аярлуу топторуна колдоо көрсөтүүнү кошкондо, табигый кырсыктардын тобокелдигин азайтуу жана чукул кырдаалдарга реакция көрүү чараларын уюштуруу боюнча атайын стратегияларды иштеп чыгуу жолу менен климаттын өзгөрүүсүнө, кризистерге жана жаратылыш кырсыктарына туруктуулукту жогорулатуу. ­
  • Өзгөчө башында аялдар турган үй чарбалыктар арасында, элет райондорунда жакырчылыктын масштабын кыскартуу максатында социалдык жактан багытталган базар экономикасын бекемдөө боюнча дараметти күчтөндүрүү.

 

Ишмердүүлүктүн негизги багыттары
  • ФАО долбоордо көрсөтүлгөн чыр-чатакка сезгичтүү коомдук инфраструктураны аныктоочу критерийлердин негизинде, чек-ара аймактарында жашаган кыргыз жана тажик фермер\жашоочуларга бирдей пайда алып келүүчү гидротехникалык курулуштардын, сугат системаларын куруу жана калыбына келтирүү  боюнча биргелешкен суб-долбоорлорду ишке ашырууда.
  • ФАО Суу пайдалануучулар Ассоциацияларынын (СПА), Жайыт Комитеттердин дараметин күчөтүүгө көмөктөшөт.
  • Баткен жана Лейлек райондорунун алты чек арадагы  айылдарынын  фермерлерине мыкты айыл чарба технологиялары, суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу, тамчылатып суугаруу,  сууга эсеп жүргүзүү системасы боюнча  окуутуларды өткөрүүдө.   
Негизделген жылы
2009

Байланышуу

Дареги:
Баткен ш., Сабыров көч.-3
Байланыш адамы:
Матраим Табалдиев
Эл. почта:
matraim.jusupov@fao.kg


Галерея