ПРООНдун «Баткен облусунун  комплекстүү өнүктүрүү»  программасы

ПРООНдун «Баткен облусунун комплекстүү өнүктүрүү» программасы


Миссия

БУУнун Өнүктүрүү программасы өлкөлөргө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү жана туруктуулугун жогорулатуу үчүн глобалдык келечекти сунуштайт жана жеринде жардам көрсөтөт. Кыргызстандагы ПРООН демократиялык институттарды бекемдөө жана мыйзам үстөмдүгү маселелеринде мамлекет менен тыгыз кызматташып, негизги көңүлдү жаштарга жана аялдарга буруу менен, жакырчылыкты кыскартууга көмөктөшөт. Программа табигый байлыктарды туруктуу башкарууда жана жаратылыш кырсыктарынын тобокелдиктерин кыскартууда, жаңжалдарды алдын алуу саясатын ишке ашырууда жана ВИЧке, кургак учукка жана безгекке жооп чараларын бекемдөөдө улуттук аракеттерди колдойт.

БУУнун өкүлчүлүгү Кыргыз Республикасында өз ишмердигин1993-жылы баштаган. Ошондон бери ал өлкөнү өнүктүрүүгө жана жашоо стандарттарын реалдуу жакшыртууга жетишүү үчүн куч жумшаган ишенимдүү өнөктөш болуп саналат.

Ишмердүүлүктүн негизги багыттары

Кыргыз Республикасындагы БУУ системасы өнүгүү жаатындагы реформаларды жүзөгө ашырууда Өлкөгө жардам берип, Миң жылдыктын жана Туруктуу өнүгүү максаттарын кошкондо, эл аралык деңгээлде макулдашылган өнүгүү жаатындагы максаттарга жетүүдө колдоо көрсөтөт.

БУУнун ар бир мекемеси өз мандатына ылайык өз чөйрөсүндө иш жүргүзөт. Бирок жыйындысында биздин ишибиз дүйнө лидерлери БУУда кабыл алган жалпы максаттарга жетүүгө көмөктөшөт.

 

Негизделген жылы
1993

Байланышуу

Дареги:
Баткен ш., Сабыров көч.-3
Байланыш адамы:
Азимов Таалай
Телефондор:
(+996 36 22) 5 03 49
(+996 36 22) 5 04 61