«Социалдык-экономикалык кластер жана жакырчылыкты кыскартуу»

Долбоордун таржымалы, максаты жана милдеттери

Туруктуу өнугуугө  жана жакырчылыкты жоюуга көмөктөшүү. 

Долбоорду ишке ашыруу мезгили
01/2015 - 12/2015
Донорлор
Долбоордун бюджети
83000$
Инфраструктуралык долбоорлор
Долбоор камтыган аймактар
Кадамжай району:

Жыйынтыктар

- Баткен облусунун аялдарынын Эл аралык айылдык аялдар күнүнө арналган конференцияга катышуусуна көмөк көрсөтүлдү. Жалпы суммасы 3000 АКШ доллары;

- Аялдарга карата зордук-зомбулукка каршы 16 кундук кампанияга 5000 АКШ доллар өлчөмүндө көмөк көрсөтүлдү;

- Баткен облусунун аялдарынын улуттук аялдар жана «Пекин +20»  конференцияларына катышуусуна көмөк көрсөтүлдү;

- КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына III Эл аралык инвестиция жана өнүгүү боюнча Форумду өткөрүүгө  жалпы суммасы 5000 АКШ долларынан ашыгыраак көмөк көрсөтүлдү; 

- КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына оргтехника алып беруу аркылуу 10 000 АКШ доллары өлчөмүндө жардам көрсөтүлдү. 

- Жаштар жана аялдарга басым кою менен Баткен обусунун кичи шаарларынын аярлуу топторунун киреше алып келчү ишмердүүлүктү түзүүгө жана бизнести өнүктүрүүгө багытталган демилгелери колдоого алынды. Жалпы суммасы 60 мин АКШ долларын түздү. Ушул иш-чаранын негизинде төмөнкү  долбоорлор ишке ашырылды:

«Кадамжай шаарында муниципалдык пекарни ачуу»;

«Айдаркен шаарында 100 орундуу бала бакча ачуу»;

«Баткен шаарына 50 орундуу бала бакча ачуу»;

«Сулукту шаарында бала бакча ачуу»;

«Автосервисти кеңейтуу жана кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу» Баткен шаарында;

«Баткен шаарында жергиликтүү ММКды колдоо, Баткен облусунун жашоочуларынын маалымат менен камсыз болуусун жакшыртуу, кичи басмакана ачуу»