«Айыл жеринде улгайган адамдардын күдүзгү Борборлорун түзүү жана колдоо»

Долбоордун таржымалы, максаты жана милдеттери

Баткен шаарында Улгайган адамдар үчүн күндүзгү борбор түзүү аркылуу улгайган адамдардын жашоо сапатын жакшыртууга жана татыктуу карылыкка көмөктөшүү.

 

Долбоорду ишке ашыруу мезгили
01/2015 - 09/2015
Донорлор
Долбоордун бюджети
Көрсөтүлгөн эмес
Инфраструктуралык долбоорлор
Жыйынтыктар
Улгайган адамдардын Баткен шаарындагы Борбору "Бабушка Эдопшн" фонду менен ХелпЭйдж Интернэшнлдын шериктештигинин натыйжасында ачылды. Борборду түзүүгө жергиликтүү администрация жана Өз жардам топторуда көмөктөштү.
Борбордо улгайган адамдар бири-бири менен жоолугушуп, баарлашууга мүмкүнчүлүгү бар. Бул жерде алар түрдүү иш-чара, тренингдерди өткөрө алат жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен улгайган адамдарын көйгөйлөрүн талкуулай алышат. Андан сырткары Борбор маалымат чордону катарында да кызмат кылат, бул жерде чогуу ТВ көрүүгө, газета, журналдарды окууга мүмкүнчүлүк бар. Борборго келип түрдүү иш-чараларга катышуу улгайган адамдардын жашоо сапатын жакшыртат жана татыктуу карылыкты камсыз кылат.