«Үйдө жардам көрсөтүү кызматы»
Долбоордун таржымалы, максаты жана милдеттери
«Үйдө жардам көрсөтүү кызматы» 2001-жылдын сентябрынан тартып иштеп келе жатат. Программанын алкагында "Бабушка Эдопшн" фондунун социалдык кызматкердери өз алдынча кыймылдай албаган жана жардамга, баарлашууга муктаж улгайган адамдары үйүнөн кабар алышат. Социалдык кызматкерлер улгайган адамдарга азык-түлүк сатып келүүдө, счётторду төлөөдө, тамак-аш жасоодо, жеке тазалыкты сактоодо жана үй-жайды тартипке келтирүүдө жардам беришет.