«Асырап алүү боюнча программа»
Долбоордун таржымалы, максаты жана милдеттери
Кыргызстанда улгайган адамдарга жакырчылыктын таасирин азайтуу үчүн "Бабушка Эдопшн" фонду, азыркы тапта ийгиликтүү ишке ашып жаткан, жалгыз бой пенсионерлерге демоорчүлүк жардам көрсөтүү программасын түздү. Бул программанын алкагында Баткен облусунун айыл жергесиндеги аярлуу улгайган адамдар "Бабушка Эдопшн" фонду аркылуу ай сайын демөөрчүлүк жардам алып турушат. Демөөрчүнүн каалосуна жараша кайрымдуулуктун өлчөмү айына 15-20 Еврону түзөт. 2015-жылдан тартып кайрымдуулуктун өлчөмү айына 15 Евро же жылына 180 Евро түзөт, анын ичинет 144 Евро жыл ичинде ( эки айда бир жолу) камкордукка алыган пенсионерлерге берилип турат.
Долбоорду ишке ашыруу мезгили
01/2010 - 12/2017
Долбоордун бюджети
62588$
Инфраструктуралык долбоорлор
Долбоордон пайда алуучулар
Мужчин: 73
Женщин: 246
Жыйынтыктар
Баткен облусу боюнча камкордукка алынган пенсионерлердин саны 319.